Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ Закир Юбуровду бошотуу талабы менен Казакстанга дагы бир нота жиберди

ТИМ башаламандыктын курмандыгы болгон башка кыргызстандыктарды да аныктап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Алматыда кармалган Закир Юбуров жана башка кыргыз жарандарын бошотуу талабы менен Казакстанга дагы бир нота жиберди.
"Закир Юбуров жана башка Кыргызстандын жарандарынын кармалышы боюнча консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында тийиштүү иштер жасалууда. Тагыраак айтканда, министрлик казак тарапка кармалган жарандарды текшерүү иш-чараларын жүргүзүп бүткөндөн кийин тез арада бошотуу талабы менен нота жиберди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ТИМ Викрам Рузахунов бошотулганын дагы тастыктап, аны абактан чыгарууга Алматыдагы консул Назарали Ариповдун катышканын билдирди.
Мындан сырткары, учурда башаламандыктын курмандыгы болгон башка кыргызстандыктарды да аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Белгилей кетсек, ТИМ кечээ, 9-январда, казак элчисине нота тапшырып, кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду тез арада бошотууга чакырган. Аны менен катар кыргыз тарап Рузахуновго байланышкан кырдаал боюнча өтө тынчсызданып жатканын айтып, коңшу өлкөнү такталган маалыматтарды таратууга чакырган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
УКМК кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын тастыктады