Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖК төрагасы: депутаттар Рузахуновдун маселеси акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турат

Спикер өнөр адамына байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылынарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кармалышы тууралуу кайрылуу жасады.
Ал коңшу өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу мекендешке олуттуу айыптар тагылып жаткандыгы баарын бушайман кылып жатканын белгилеген.
"Өнөр адамы, таланттуу мекендешибизге байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылат. Биздин тиешелүү органдар аталган маселени коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен бирге изилдеп, адилет чечим чыгарат деген ишеничтемин. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган окуяга көз салып, акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган, канатташ казак эли менен бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана алакага көлөкө түшүрчү көрүнүштөргө бирге каршы турабыз", — деди Мамытов.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы кечээ, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыкты. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, кыргыз жаранынын укугу корголо турганын убадалады.
Өз кезегинде ТИМ Казакстанга нота тапшырып, Рузахуновду тез арада бошотууга чакырды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз. Садыр Жапаров билдирүү жасады