Жарадар пилотту сууруп чыгары менен учакты поезд талкалап кетти. Видео

Учкучту чыгаргандан кийин беш секундадан соң поезд өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Лос-Анжелесте полиция кызматкерлери темир жолго кулап түшкөн самолеттун учкучун ажалдан алып калды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, кулаган учакта жараланып жаткан пилотту полиция чыгаргандан бир нече ирмемден кийин эле поезд өтүп, аба кемесин талкалап кеткен.
Окуянын видеосун CBS басылмасынын журналисти Дэвид Беньо Twitter баракчасына чыгарган.
Тартип сакчысынын төшүнө тагылган камерага тартылган кадрдан учкучту сууруп чыккандан беш секунд өткөндөн кийин поезддин келгени көрүнөт.
Лос-Анджелестин Полиция департаменти кызматкерлеринин көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирген.
Мадагаскарда кыйраган тик учактагы полиция министри 12 саат сүзүп жээкке жеткен