Хоккей боюнча улуттук курама команда Евразия чемпиону болду. Сүрөт

Кыргызстан Түркия, Болгария жана Босния-Герцеговинанын курама командалары менен беттешип, үчөөнү тең уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти билдирди.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээледи
Мелдеш 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцеговинанын коммандалары катышты.
Топтор бири-бири менен беттешип, Кыргызстан бардык үч оюнда тең жеңүүчү болгон. Алгачкы оюнда Болгария курама командасын 7:5 эсебинде, жарым финалда Түркияны 7:5 упай менен жеңген. Ал эми финалдык беттеште Босния-Герцеговина менен ойноп, 5:2 эсеби менен уткан.
Махмудов Россияда атактуу балбан Власов менен бирге машыгууда. Сүрөт
Айсулуу, Мээрим, Акжол мамлекеттен канча стипендия алат. Жаңыланган тизме