Бир жумада 12 миңден ашуун жол эрежеси бузулду. Рейддин жыйынтыгы

Көбүнчө айдоочулар жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес жана катуу айдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Акыркы жумада республика аймагында 12 340 ирет жол эрежеси бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кабарлады.
Маалыматта кызматкерлер жол кырсыгы жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды өткөргөнү айтылат.
Рейддин жыйынтыгы төмөнкүдөй:
катуу айдагандар — 1 741;
тиешелүү документтерсиз унаа айдагандар — 200;
транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 4 997;
жасалма мамлекеттик номерлер үчүн — 7;
ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар — 7;
ээнбаштык кылган айдоочулар — 5;
жол эрежелерин бузган жөө адамдар — 271;
автоунаанын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 69;
жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 4420;
унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар — 41;
ичип алып унаа башкаргандар — 149;
айып короого токтотулгандар — 511.
Бир айга жетпей 3-каргаша. "Тазалыктын" кызматкерин унаа коюп кетип көз жумду