Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жакшылык унутулбайт! Кыргыздарга ыраазы болгон казак жарандары

"Жакшылыгыңарды унутпайбыз", "кыргыз-казак бир тууган", "рахмат" — бул кыргыздарга ыраазычылыгын билдирген казак жарандарынын соцтармактагы билдирүүлөрү.
Sputnik
Буга чейин Казакстандын айрым ЖМКлары коңшу мамлекетте болгон чыр-чатакка кыргыз жарандары да катышканын жазып чыккан. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу окуя кыргыз элинин эле эмес, казак элинин да нааразычылыгын жаратып, ал окуя үчүн коңшу мамлекеттин жөнөкөй адамдары кечирим суроодо.
Коңшу мамлекеттин белгилүү блогерлери, жөнөкөй жарандары алкышын айтып, эки элди биримдикке чакырган билдирүүлөрүн калтырууда. Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан агенттиги сунуштайт.
Т.Ж. аттуу колдонуучу Twitter соцтармагындагы баракчасына кыргыздар Казакстанга жете албай жаткандар үчүн атайын Telegram-канал ачканын жазып, ыраазычылык билдирген.
Мурат Абенов аттуу казак жараны Facebook баракчасына кыргыз элинин жасаган жакшылыгын тизмектеп санап берген.
Темир Хан аттуу колдонуучу "кыргыз-казак бир тууган" экенин белгилеп, жардамга кол сунгандарга ыраазычылык айткан.
Twitter баракчасынын дагы бир колдонуучусу адекваттуу казактар кыргыз элинин жакшылыгын унутпай турганын жазды.
Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант боюнча ТВде иштегендер, блогерлер кечирим сурап, эки элди биримдикке чакырган билдирүүлөрдү калтырып жатышат.
Алардын бири, Казакстандын медиа өкүлү Газиза Райимбек кыргыз элинен кечирим сурап, кылган жакшылыгына рахматын айткан.
Казакстандын медиа өкүлү Газиза Райимбек
Нагимуша аттуу блогер эки элдин ортосундагы жылуу мамилени чагымчылдыкка алдырбай сактоого чакырды.
Нагимуша аттуу блогер
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанды ар дайым колдойбуз! Жапаров Токаев менен казак элине көңүл айтты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
"Казакстан" телеканалы Рузахунов сурак берип жаткан видеону өчүрдү