Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Терактылардын кайталануу кооптуулугу бар. Казакстан мамкатчысынын билдирүүсү

Мамлекеттик катчы учурдагы абалдан улам казакстандыктарды кыраакы болууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанда террордук актылардын кайталануу кооптуулугу сакталып турат, жарандар кыраакы болушу керек. Бул тууралуу алардын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин билдирген.
"Мен тынчып, бир аз бошоңдоп калдык деп айтпас элем, себеби тобокелдик сакталып турат, бардык кызматтар даяр. Борбор калаанын көчөлөрүндө чыңалуу байкалып тургандыктан жарандар кыраакылыгын жоготпошу керек", — деген Карин.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланган. 6-январда президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Учурда Казакстандын армиясы антитеррордук операцияларды жүргүзүүдө. Анын алкагында алты миңге чукул адам кармалганы айтылды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ӨКМ кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктуларына 4 чатыр тикти