Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

"Казакстан" телеканалы Рузахунов сурак берип жаткан видеону өчүрдү

Кечээ жарыяланган видеолор телеканалдын Youtube, Facebook баракчаларынан жана Telegram каналынан өчүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун сурак берип жаткан видеосун социалдык тармактарынан өчүрдү.
Аталган телеканал кечээ, 9-январда, "Башаламандык уюштуруу үчүн 90 миң теңгеге жалданып келген" деген тема коюп Кыргызстандын бети-башы көгөргөн жаранынын сурак берип жаткан видеосун социалдык тармактарына жарыялаган болчу. Анда кашы жарылып кеткен Рузахунов сүйлөп, аны белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн чакырып, учакка билетин алып берип, батирге жайгаштырганын айткан.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерттик программа менен барганын маалымдаган.
Ал эми бүгүн Qazaqstan телеканалынын Youtube, Facebook расмий баракчаларынан жана Telegram каналынан Рузахуновго байланыштуу видеолор өчүрүлгөнүн көрүүгө болот. Видеонун мурда сакталып калган шилтемеси "жараксыз" деп чыгууда.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, кыргыз жаранынын укугу корголо турганын убадалаган.
Өз кезегинде ТИМ Казакстанга нота тапшырып, Рузахуновду тез арада бошотууга чакырды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖК төрагасы: депутаттар Рузахуновдун маселеси акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турат