Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандан кыргызстандыктар эвакуацияланды

Министрлик мекенине жете албай жаткан кыргызстандыктарды Алматыдагы КРдин Башкы консулдугуна кайрылууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандан КР жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, коңшу мамлекеттеги мекендештер менен КРдин Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жана кыргыз диаспоралары иш алып барып, 9-январда 14 жаран мекенине жеткирилди.
Андан сырткары, 15 адам поезд менен жөнөтүлдү.
Министрлик мекенине жете албай жаткан кыргызстандыктарды консулдук менен төмөндөгү телефон номерлер аркылуу байланышка чыгууну сунуштайт.
КРдин Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:
+7 777 8150072, Кайрат Жакыпов;
+7 777 0371448, Гүлзат Абдурасулова;
+7 777 0275596, Жаркынай Сансызбаева;
+7 775 4634295, Медер Сапаралиев.
Ошондой эле кеп-кеңеш алуу үчүн ТИМдин Консулдук кызматы департаментине, КРдин Казакстандагы элчилигине кайрылса болот.
+996 551 312 000;
+996 555 007 626;
+996 708 52 21 37;
+996 707 989-895;
+996 709 983 465;
КРдин Нур-Султандагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33 +7 777 4733009.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Так маалымат жарыялаңыздар! Кыргызстан Казакстанга тынчсыздануусун билдирди