БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн Казакстан эли митингден кийин тутанган башаламандыкта каза тапкандарга байланыштуу аза күтүп жатат.
Буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн желектери төмөн түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулат.
Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болгон. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.
Маалыматка караганда, Алматы шаарында 103, Кызыл-Ордо облусунда 21, Жамбыл облусунда 10, Алматы облусунда 8 адам курман болгон.
Ал эми 2 265 киши ооруканага түшкөн, азыркы тапта 83 бейтап оор абалда жатат.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.
Учурда Казакстандын армиясы антитеррористтик операцияларды жүргүзүүдө. Анын алкагында алты миңге чукул адам кармалды.