Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда

Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 тынчтыкты орнотуучу аскер барган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жоокерлери Алматы — ТЭЦ-2 стратегиялык объектисин кайтарууда.
Russia Today телеканалы Telegram баракчасына журналисти тарткан сүрөт, видеолорду жарыялады.
Кабарчы Мурат Гаджиев Кыргызстандан барган тынчтык орнотуучулар — басымдуу бөлүгү “Скорпион” атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери Алматынын 70 пайызын жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздаган ТЭЦ-2ни кайтарып турганын билдирген.
“Жигиттер олуттуу, жүздөгөн жумушчу ишине сыр сөзү менен кирип жатат, бүт тарабы кайтарууга алынган”, — деди кабарчы.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлдү. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.
Ал арада Казакстандын Коргоо министрлиги да кыргызстандык тынчтык орнотуучулардын видеосун жарыялады.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жалган сүйлөсөң Бишкекке жөнөтөбүз дешти. Рузахунов окуянын чоо-жайын айтты