Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Закир Юбуровдун агасы видеодо сурак берген киши иниси эмес экенин айтты

Закир Юбуровдун 7-январда эле кармалганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстанда кармалган кыргызстандык Закир Юбуровдун бир тууган агасы Тахир Юбуров казак бийлигинин маалыматын четке кагып, видеодогу киши анын иниси эместигин билдирди.
Анын айтымында, Ивановка айылында туулган 31 жаштагы Закир Юбуров соңку бир жарым жылдан бери Алматыда жашап, базарлардын биринде соода кылып иштейт.
Учурда казакстандык ЖМКлар Закир Юбуров тууралуу айтып жатат, бирок мындай адам жөнүндө интернетте бир дагы маалымат жок.
"Закир менин бир тууган иним. Видеодогу ал эмес. Закирди 7-январда кармашкан экен. Ошол бойдон байланыша албай жатабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ташиев: коңшу өлкө биздин жаранды терроризмге айыптап жатса жөн отурбайбыз
Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, ал Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорист катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан.
Кийинчерээк айрым ЖМКлар сурак берген адам Закир Юбуров экенин жазды. Деген менен музыканттын жакын санаалаштары видеодогу Рузахуновдун эле өзү экенин айтууда.
Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча президенттик администрация дагы үн катты.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай