Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ казак элчисине нота тапшырып, Рузахуновду тез арада бошотууга чакырды

Соңку окуяга байланыштуу ТИМге Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев чакыртылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстан Алматыда кармалган Викрам Рузахуновду тез арада бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, соңку окуяга байланыштуу бүгүн ТИМге Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев чакыртылган. Анда тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров кармалган Рузахунов менен жолугушууга консулдук уруксат берүүгө жана аны тез арада бошотууга чакырган нота тапшырган.

"Өз кезегинде Казакстандын элчиси кыргыз тараптын өкүнүчтүү маанайын ыкчам түрүндө ТИМ жетекчилигине жеткирерин билдирди. Ошондой эле тез арада бул окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берерин убадалады. Ал эми Казакстандын тийиштүү органдары бардык жагдайды аныктап тыкыр иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорист катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыкты. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп коңшу өлкөгө нота жиберилерин айткан.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз. Садыр Жапаров билдирүү жасады
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай