Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз. Садыр Жапаров билдирүү жасады

Мамлекет башчынын айтымында, учурда эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстанда жарандарыбыз жоопко тартылып жаткан болсо аларды коргоо үчүн катуу күрөшөбүз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.
Ал коңшу өлкөдө болуп жаткан окуялардан толук кабардар экенин белгиледи.
"Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, ар бири үчүн катуу күрөшөбүз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал эки өлкөнүн атайын кызматтарынын ишинин жыйынтыгын күтө турууга чакырды.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, ал Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорист катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыкты. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп коңшу өлкөгө нота жиберилерин айткан.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
УКМК: кыргызстандыктардын Алматыдагы башаламандыкка, талап-тоноого тиешеси жок
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай