Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Президенттин маалымат катчысы музыкант Рузахунов боюнча билдирүү таратты

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев КР жаранынын коңшу мамлекетте кармалышынын чоо-жайы такталып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышынын жагдайларын учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери тактап жатканын президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, чыгармачыл инсандын Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деп айыпталышы, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратууда.

"Бир катар чет өлкөлүк ЖМКлардын маалыматтарында кыргызстандык джаз музыкант Викрам Рузахунов Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деп айтылып, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат. Бул оңой эмес кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан бардык жагдайлар жана анын себептери тыкыр иликтенет деп үмүттөнөбүз", — деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген. Ал арада Кыргызстандын социалдык тармактарында бул видео нааразычылыктарды жаратууда. Тагыраак айтканда, интернет-колдонуучулар анын белгилүү музыкант экенин жана 200 доллар үчүн митингге чыгууга барбай турганын айтып жатышат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ташиев: коңшу өлкө биздин жаранды терроризмге айыптап жатса жөн отурбайбыз
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай