Дарыгер "омикрон" штаммынын көп тараган белгилерин санап берди

"Омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай оорушат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Баш оору коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынын эң көп тараган белгиси. Бул тууралуу британиялык доктор Клэр Стивс билдиргенин "Известия" жазды.
Анын айтымында, "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай оорушат. Дарыгер коронавирустун бул түрү мурдагыларына караганда бат жугарын эскерткен.
"Тамак жуткурбай, баш ооруп, мурун бүтөлөт. Булар "омикрондун" көп тараган белгилерине кирет", — деген Стивс.
Ошондой эле эт ысуу, түндө тердеп чыгуу, чарчоо сыяктуу белгилер кээде байкаларын кошумчалады.
Буга чейин Россиянын биология илимдеринин доктору Алексей Аграновский коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы симптому жок өтүшү мүмкүн экенин айтып, вирусту симптомсуз көтөргөндөр айланадагыларга кооптуулук жаратарын белгилеген.
Пресс-борбор
Кыргызстанда "омикрон" кездеше элек. Лаборатория жыйынтыгы күтүлүүдө