Кыргыз элинин жүз жыл мурунку турмушу. Сейрек сүрөттөр

Орто Азия аймагына XX кылымдын башында бир топ окумуштуу, экспедициялык топтор келип турган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол жылдары тартылып алган кыргыздардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Илимпоздор мындан жүз жыл мурун азыркы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга көп каттаган. Алардын арасында Пётр Семёнов-Тянь-Шанский, Василий Бартольд, Константин Юдахин, Олег Чистовский, Григорий Шпилько болгон.
Изилдөөчүлөр жергиликтүүлөрдүн этнография, антропология, тилине басым жасашкан.
1 / 13

Боз үйдү төөгө жүктөп алган ата-бала, 1933-жыл

2 / 13

Ээн талаада күрөшкөн кыргыз жигиттери

3 / 13

Ашар жолу менен жол курган жергиликтүүлөр, 1936-жыл

4 / 13

Борбор калаадагы базарлардын биринде кымыз саткан кыргыздар, 1936-жыл

5 / 13

Ордо ойногон боз уландар, 1928-жыл

6 / 13

Улуттук кийимчен кыргыз аялдары

7 / 13

Колунда бар кыргыздын үйүнө мейман болуп келген орус офицерлери үй-бүлөсү менен. Сүрөт XX кылымдын башында тартылган.

8 / 13

Кийиз баскан аялдар. Сүрөт XIX кылымдын жарымында тартылган.

9 / 13

Алай өрөөнүндө жайыт которгон тургундар. Сүрөт бир кылым мурун тартылган.

10 / 13

Азыркы Кемин менен Ак-Түздүн ортосуна көпүрө салып жаткан жергиликтүүлөр, 1936-жыл

11 / 13

Кыргыздын сулуу кыз-келиндери, 1928-жыл

12 / 13

Жергиликтүү депутаттарды шайлоого бараткан жарандар, 1937-жыл

13 / 13

Тери ашаткан кыз-келиндер, 1928-жыл

Тема боюнча:
Улуу өнөрдүн учугун улаган чеберлердин мурасы... Кыргыз жыттанган сүрөттөр
Жетим өсүп, өкмөт башчы болгон... Абды Сүйөркуловдун сейрек сүрөттөрү
"Ысык-Көл" мейманканасынын гүлдөгөн доору жана азыркы учуру. Архивдик сүрөттөр