Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

УКМК: кыргызстандыктардын Алматыдагы башаламандыкка, талап-тоноого тиешеси жок

Атайын кызмат Викрам Рузахунов жана башка мекендештер коңшу өлкөдөгү кырдаалды козуткан күчтөрдүн курмандыгы болуп калды деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнө Кыргызстандын жарандарынын башаламандыктарга жана талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок экендиги маалымдалды. Бул туурасында УКМК соңку кырдаалга байланыштуу тараткан билдирүүсүндө кабарлады.
Атайын кызмат Казакстандын компетенттүү органдары объективдүүлүктү камсыз кылат деп ишенет. Себеби соода жана тейлөө тармагында иштеген кыргызстандыктар кокусунан көчөдө калып, кармалып калышы мүмкүн.
"Бул — Казакстандын расмий өкүлдөрү билдиргендей, жакшы даярдалган маалыматтык чабуулдун уландысы. Ал Жапайы Арман каймана аты бар кримтөбөлдүн негизсиз билдирүүлөрүнөн келип чыкты. Аны менен катар ушундай оор мезгилде боордош кыргыз-казак күчтөрүнүн ортосуна жик салууга кызыкдар болгондор тарабынан жасалууда. Бул башаламандыктарды ырбатууга багытталган", — деп билдирди УКМК.
Атайын кызмат Викрам Рузахунов жана башка мекендештер коңшу өлкөдөгү кырдаалды козуткан күчтөрдүн курмандыгы болуп калды деп эсептейт.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ташиев: коңшу өлкө биздин жаранды терроризмге айыптап жатса жөн отурбайбыз
"Өз кезегинде УКМК жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар ар дайым казак боордоштор менен биргелешкен чараларды көрүүгө даяр. Ал эми казак бийлиги муну объективдүү чечип, кызыкдар күчтөр тарабынан кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенет", — деп айтылат маалыматта.
Соңунда УКМК кармалган жарандардын жакындарын сабырдуулукка, өз ара түшүнүшүүгө чакырды.
ЖМКларга жарыяланган маалыматтардан Алматыдагы башаламандыктарга аралашкан деп Кыргызстандын эки жараны кармалганы белгилүү болду.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыда кармалган киши Кыргызстандан барганын айткан видео тарады