БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектин четинде бир аялды автоунаа коюп кетип каза болду. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жол кырсыгы 6-январда болжол менен саат 20:00дө Дордой-2 конушунда катталган. Маркумдун ким экени аныктала элек.
"Каза болгон аял болжол менен 40-45 жашта. Толук, бою болжол менен 160-165 сантиметр, чачы кыска, кара. Кызыл куртка кийип, көгүш шым, күрөң бут кийим кийип жүргөн. Колундагы баштыгында көлөч менен куртка болгон", — деп айтылат маалыматта.
Милиция маркумду тааныгандар болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш телефондору: (0312) 43-01-27, (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, (0708) 555-229, (0555) 555-229 же 102.