Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Келе жаткан апта жаанчыл деле болбойт. Анткен менен айрым аймактарга кар жаап, туман түшүүсү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан жумада айрым жерлерде жаан, кар жааса, кээ бир аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүп, жолдор тайгак болору айтылды. Бишкекте апта ичи жаан, кар жаабайт.

Чүй, Талас облустары

9-январдан 12-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 9-10-январда кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. 13-январь түнкүсүн күн ачык болгону менен күндүз тоолуу аймактарга кар, өрөөндөргө жаан жаайт деп божомолдонду. 14-15-январда кар тоолуу жерлерге гана түшүшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

15-январга чейин түштүк аймактарга жаан, кар жаабай турганы айтылды. 9-10-январда туман айрым жерлерге түшүшү мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Алдыдагы аптада Ысык-Көлдө кар жаабайт, бирок синоптиктер абанын температурасы -2...-7 градус болорун айтышты. Нарында 13-январга чейин кар жаабайт. 13-14-январда кээ бир жерге кар түшүшү ыктымал. Кыргызгидромет абанын температурасы түнкүсүн -14...-19 градуска чейин жетет деген божомолду берди.
2022-жылы кыргызстандыктар дагы 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн
Январда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу