Баткенде 18 жаштагы жоокер каза болду, аны шериги атып алган

Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын чоо-жайын текшерүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Баткенде жоокер ок атуучу куралды этиятсыз колдонуп аскер кызматкерин атып алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 18 жаштагы ок тийген жоокер ооруканада көз жумган.

"Лейлек районундагы Сада айылындагы чек арага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жүрүп чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган. Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.К. дароо ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал ооруканада көз жумган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын чоо-жайын текшерүүдө.
Уйга артылган курал, аскерлерди ашууга чыгарган карыялар. Баткен согушунан баян
Дордой-2де унаа коюп кеткен аял каза болду. Милиция жакындарын издеп жатат