Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда 4 жашар кызга ок тийип көз жумганы тастыкталды

15 жана төрт жаштагы бир тууган кыздар бараткан автоунаага ок жааган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Алматыдагы атышуу маалында төрт жашар кызга ок тийип каза болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан балдар акыйкатчысы Аружан Саинге таянуу менен жазды.
Каргаша 7-январь күнү Сайфуллин жана Сартпаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"15 жана төрт жаштагы бир тууган кыздар бараткан автоунаага ок жааган. Сиңдиси жеринде мерт болуп, эжеси октон жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ага операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", — деген акыйткатчы.

Мындан сырткары, ошол эле күнү дагы бир сегиз жаштагы кыз октон жаракат алган.
Ушуну менен Казакстандагы башаламандыктан эки жаш баланын каза болгону, үчөө жаракат алганы расмий тастыкталды. Буга чейин 11 жаштагы баланын окко учканы кабарланган.
Белгилей кетсек, башаламандык учурунда күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон. Ал эми митингге катышкан жарандардын арасындагы жоготуулар боюнча маалымат бериле элек.
Алматыда телеканалдын айдоочусу каза болуп, оператор манжаларынан ажырады
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай