Жекшембиге карата аба ырайы

9-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорго туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3...+8, Талас жергесинде +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5 градус, ал эми Нарын аймагында -4...-9 градус болоору айтылды.
Термометр Бишкекте жана Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек