Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Аскерлердин көбү эми Алматыга жиберилет. Токаев ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү

Жыйындын жүрүшүндө башкы прокурор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, ички иштер министринин милдетин аткаруучу доклад жасашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгынын алдында ыкчам штабдын жыйыны өткөнүн Sputnik Казакстан билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө башкы прокурор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, ички иштер министринин милдетин аткаруучу доклад жасашкан.
Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын келиши менен казак аскерлеринин бир бөлүгү Алматы шаарына барганын белгилеген. Ал Алматы жана башка аймактарда чабуулдан жабыркаган административдик, социалдык, коммуналдык объектилерди калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бөлүү тапшырмасын берген.
Кечээ Россиянын Аскер космостук күчтөрүнүн учактары ЖККУнун Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстанга алып кирген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин учурда кайда экенин маалымат катчысы айтты