Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Нурсултан Назарбаевдин учурда кайда экенин маалымат катчысы айтты

Укибай Нурсултан Назарбаев шериктеш мамлекеттердин башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн да белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурда өлкөнүн борбор шаарында. Мындай билдирүүнү анын маалымат катчысы Айдос Укибай тараткандыгын Sputnik Казакстан кабарлады.

"Назарбаев Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатпоону суранабыз. Ал бир катар жолугушууларды өткөрүп, мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат катчы Нурсултан Назарбаев шериктеш мамлекеттердин башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн да белгилеген.
"Назарбаев өлкө бүтүндүгүн камсыз кылып, азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн бардыгын Казакстандын президентинин айланасына чогулууга чакырат", — деп билдирген Айдос Укибай.
Буга чейин айрым ЖМКлар Назарбаевдин өлкөдөн чыгып кеткенин жазып чыгышкан.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды