Махмудов Россияда атактуу балбан Власов менен бирге машыгууда. Сүрөт

Быйыл эки спортчунун кармашы күтүлүп жатат. Власов өзү Акжолго беттешүү ниети бар экенин билдирген. Кыргызстандык балбан аны кабыл алып, Бишкекте өткөрүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстандын белгилүү балбаны, Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Россияга барып, алдыда беттеше турчу Олимпиада чемпиону Роман Власов менен жолукту. Спортчулар машыгууда чогуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөп жатат.
"Элинин татыктуу уулу! Россияга кош келдиң, менин ардактуу досум жана иним", — деп жазган Власов Махмудовдун аккаунтун белгилеп.
Махмудов да Instagram баракчасынын сториз бөлүмүнө сүрөт чыгарууда.
Россиялык балбан кыргызстандык спортчу тууралуу "Акжолду дайыма карылуу деп келебиз, чын эле ошондой экен", ага жооп катары Махмудов "дагы топтойм (күч — ред.) го" деген.
Быйыл эки балбандын кармашы күтүлүп жатат. Власов буга чейин Акжол менен беттешүү ниети бар экенин, аны тезирээк уюштуруу керектигин билдирген. Кыргыз балбаны ал чакырыкты кабыл алып, Бишкекте таймашууну сунуштап, ага россиялык балбан макул болгон. Бирок кармаштын так убактысы айтыла элек.
31 жаштагы Роман Власов россиялык атактуу спортчулардын бири. 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио Олимпиада оюндарынын алтын байгесин уткан. Үч ирет дүйнөнүн, көп жолу Европа чемпиону болгон. Ал Токио Олимпиадасына бара албай калган. Деген менен быйыл Ослодо өткөн дүйнө биринчилигине катышып, чемпион болду.
Ал эми 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын, 2018-жылдагы Азия оюндарынын күмүш байге ээси. 2018-жылдагы Азия чемпиону.
Эске салсак, Власов буга чейин кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова тууралуу жылуу пикирлерин айткан.
Айсулуу, Мээрим, Акжол мамлекеттен канча стипендия алат. Жаңыланган тизме