Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" өткөрүү пункту мурдагы тартипте иштей баштады

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө да уруксат берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын аймагындагы "Ак тилек" (Кыргызстан) жана "Карасу" (Казакстан) өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Ошондой эле коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат берилген.
"COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Ак тилек-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу транспорт каражаттары тоскоолдуксуз кирип чыга алышат", — деп жазылган маалыматта.
Кыргыз-казак чек арасындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында убактылуу төмөндөгүдөй чектөөлөр сакталууда:
"Чалдыбар" (Кыргызстан) — "Сыпатай баатыр" (Казакстан) бул чектөөлөр менен:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн казакстандыктар "Чалдыбар" аркылуу чыгып кете алышат;
оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына "Чалдыбар" аркылуу чектөөсүз кире алат.
"Ак жол" (Кыргызстан) — "Кордай" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак жол" аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак жол" аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.
Таластагы "Чоң-Капка" — "Айша-Биби" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттар гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чоң-Капка" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.
8-январь саат 19:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны жок экени кошумчаланды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин учурда кайда экенин маалымат катчысы айтты