Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды

Комитеттин сайтында Масимовдон башка дагы адамдар колго түшүрүлгөнү жазылган, бирок алардын аты-жөнү ачыкталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине таянып, Sputnik Казакстан жазды.
"Масимов жана башка адамдар мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелүүдө. 6-январда Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Масимов кармалып, тергөө абагына киргизилген. Мамлекетке чыккынчылык кылгандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп жазылган маалыматта.
Комитеттин сайтында Масимовдон башка дагы адамдар колго түшүрүлгөнү кабарланып, бирок алардын аты-жөнү ачыкталган эмес.
Масимов эки ирет Казакстандын өкмөт башчысы болуп, президенттин администрациясын жетектеген. 2016-жылдын сентябрь айынан бери Улуттук коопсуздук комитетин башкарып, Казакстанда митинг жүрүп жатканда, 5-январда, Токаев аны кызматтан алган. ЖМКлардын жазганына караганда, Масимов Назарбаевдин ишеничтүү адамдарынын бири.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаевдин экс-кеңешчиси: аэропортко кол салуудан мурда күзөттү алуу буйругу келген