БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Sputnik Казакстан өзүнүн Telegram-каналында Алматынын шаардык администрациясынын имаратынын азыркы көрүнүшүнүн видеосун чыгарды.
"Радикалдар аны 5-январда басып алып, толугу менен өрттөп салышкан", — деп айтылат видеонун сүрөттөмөсүндө.
Бир нече күн мурда Казакстанда нааразычылык акциясына чыккан миңдеген киши Алматы шаарындагы акимчиликти (мэрияны) басып алышкан.