БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстандагы газ боюнча нааразылык митингдери башталган аймактардын бири Актөбеде митингге чыккан элдин дээрлик бардыгы борбордук аянтта тигилген боз үй, чатырларын чечип тарай баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Борбордук "Ынтымак" аянтында нааразылык акциясына чыккандардын боз үйлөрдү чечип, чатырлардын темирлерин жана башка оокаттарды жүк ташуучу автоунаа жүктөп жаткандыктарын көрүүгө болот. Бир нече кишилердин ыргытылган таштандыларды жыйнап жатканы кадрга түшүп калган.
Агенттиктин маалыматына караганда, аянтта калган болжол менен 50-60тай киши калган. Алардын ичинен бир нечеси башкаларды "аягына чейин турууга" чакырган.
Маалыматтарга караганда, Актөбеде мобилдик интернет иштеп, коомдук транспорт жүрө баштады.
Актөбе — Казакстандагы газ нааразылыгы биринчилерден болуп от алган аймактардын бири. 2-январда башталган митингдер тарабай, абал чыңала баштаганда казак бийлиги кымбаттап кеткен газдын баасын дал ушул аймакта да кайра 50 теңге (9 сом) арзандатып, абалды жумшартууга аракет кылган. Бирок ал кадамдар абалдын жөнгө турукталышына жардам бере алган эмес.