Радио

Саткынов: өлкөдө жолбун иттерди аткандан башка жол жок

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов ит-мышыктарды эмдөөдөн баш тарткандарга жоопкерчилик каралганын белгиледи.
Sputnik
Жолбун иттерди кышында атып санын азайтпаса, кутурма жайылып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кутурма адамга дагы коркунуч келтирген илдеттерден.

"Ит-мышыктарды эмдөөдөн өткөрбөсө кожоюндарына коркунуч бар. Себеби алар мезгил-мезгили менен айылга түшкөн жапайы жырткычтардан кутурма жуктуруп алышы мүмкүн. Мисалы, айылдарга айрым учурларда кутурмасы бар түлкүлөр түшөт. Алар жалтанбастан үч-төрт ит менен алыша берет. Кутурма шилекей аркылуу жуккандыктан тиштеп алса эле жугуп калат. Аны жуктуруп алган үй жаныбары кожоюндарын, алардын балдарын же жөн эле айылдагыларды тиштеп алышы ыктымал. Ошондуктан кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүш керек. Эгерде үй жаныбарынын ээси вакцинадан баш тартса ветеринардык адистер айып салууга укугу бар. Ал эми жолбун ит-мышыктардын көйгөйү татаал. Шаар жеринде аларды жайгаштыруу үчүн атайын жайлар жетишсиз. Ал эми айыл жергесинде такыр эле жок. Ошондуктан аларды, тилекке каршы, аттырып, санын кыскартууга туура келүүдө. Ансыз кутурма жайылып кетүү коркунучу жаралат", — деди Саткынов.

Ошондой эле ал адатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жолбун иттерди атуу кыш айларында уюштурула турганын кошумчалады.