Рактын моюн, кулак, бетте пайда болгон белгилери аталды

Шишик акырындык менен чоңоюп, катуу болуп, кийин канап, ооруткан жарага айланышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кулак, моюн же бетте ар кандай шишик, тактардын пайда болушу рактан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Улуу Британиянын улуттук саламаттык сактоо системасына таянып Express басылмасы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалым болгондой, кеп тери рагы тууралуу болуп жатат. Бул ооруда териге ар кандай шишик, кычыштырган кызыл тактар чыгат. Мындан сырткары, тырык сыяктуу из пайда болушу мүмкүн.

"Шишик акырындык менен чоңоюп, катуу болуп, кийин канап, ооруткан жарага айланышы ыктымал", — деп жазылат маалыматта.

Саламаттык сактоо уюму рактын бул түрү дененин башка бөлүктөрүнө көп деле жайылбагандыктан жеңил дарылана турганын кошумчалаган.
Адам өмүрүн узарта турган 5 адат. Окумуштуулардын изилдөөсү