Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Садыр Жапаров КР аскерлерин Казакстанга жиберген жарлыкка кол койду

Кыргыз аскер контингенти Казакстандын аймагына кырдаалды турукташтыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык орнотуу ишине катышуу үчүн жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын аскердик контингентин Казакстандын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койгондугун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, кыргыз аскер контингенти Казакстандын аймагына кырдаалды турукташтыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.
Президент ЖККУнун 2022-жылдын 6-январындагы чечимин жана Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 7-январындагы токтомун эске алган.
Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Буга чейин ЖККУнун алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлөрүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүүбү? Президенттик аппараттын билдирүүсү