Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүүбү? Президенттик аппараттын билдирүүсү

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга негиз болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү майдын запасы жетиштүү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбеков билдирди.
Мындай билдирүүнү ал кыргыз-казак чек ара пунктуларынын жабылышына байланыштуу айтып жатып белгиледи.
“Учурда өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар. Жарандарды азыктардын жетишсиздигинен же баанын кескин көтөрүлүшүнөн коркпоого чакырабыз. Эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволорунун демөөрчүлүгү менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пунктуларынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат билдирүүдө.
Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга негиз болот.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась менен сүйлөштү