Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Убактылуу жабылган кыргыз-казак өткөрүү пунктунан кимдер өтө алат

Жалпысынан чек арада жети өткөрүү пункту болсо, анын бешөө жабык. Бирок айрым жабык пунктуларды казакстандыктар пайдалана алат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы Казакстан менен чектеш аймактагы өткөрүү бекеттеринин иштери туурасында айтты.
Буга чейин казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутумунун иштебегендигинен улам "Кең-Булуң", "Токмок" өткөрүү пунктулары жабылган болчу. 2022-жылдын 7-январынан тарта адамдардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү убактылуу токтотулган. Андан кийин Чүй облусунда жайгашкан “Ак жол”, “Ак тилек” жана “Каркыра” (Ысык-Көл облусу) бекеттери жабылды.

“COVID-19 менен байланышкан чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар” (Чүй облусу) жана “Чоң-Капка” (Талас облусу) пунктулары штаттык режимде ишин улантууда”, — деп билдирди чек ара кызматы.

Маанилүү жагдайлар:
Кыргызстандагы казакстандыктар Казакстанга "Ак жол" (КР) - "Кордай" (РК), "Ак тилек" (КР) - "Карасу" (РК) жана "Каркыра" (КР) - "Кеген" (РК) өткөрүү пунктулары аркылуу кете алышат;
Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар мекенине Чүй облусундагы “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” өткөрүү пунктулары аркылуу гана кайта алышат.
Чек ара кызматы кошумчалагандай, Казакстан менен чектеш өткөрүү пунктуларында адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүүбү? Президенттик аппараттын билдирүүсү