Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу жабылды

Мында жөө адамдар менен бирге унаалардын да өтүүсүнө тыюу салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутумунун иштебегендигинен улам "Кең-Булуң" жана 2022-жылдын 7-январынан тарта Чүй облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Токмок" өткөрүү пунктулары тарабынан адамдардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

“Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги Чүй облусунда жайгашкан "Ак жол", "Ак тилек", "Чалдыбар", Талас облусундагы "Чоң-Капка" жана "Каркыра" мурдагыдай режимде иш алып барат. Ал эми Ысык-Көл облусу COVID-19 менен байланышкан чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде ишин улантууда”, — деп жазылат билдирүүдө.

Казакстан менен чектеш өткөрүү пунктуларында адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок. 2022-жылдын 7-январы саат 9:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров депутаттарга кайрылып, аскерлерди Казакстанга жөнөтүүнү суранды