Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жогорку Кеңеш Казакстанга аскерлерди жиберүү маселесин карабай калды. Себеби

Жыйынды баштоо үчүн кеминде 46 депутат катышышы керек эле, бирок келгендердин саны ага жеткен жок.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кворум чогулбай калганына байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтпөй калды.
Бүгүн ЖККУнун алкагында Казакстанга Кыргызстандан тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси каралмак. Бирок саат 14:00гө белгиленген жыйын 15:00гө чейин башталган жок. Бул аралыкта 39 депутат гана келгени маалым болду. Мындан улам төрага Талант Мамытов жыйын эртең саат 14:00дө боло турганын айтты.
“Кесиптештерибиздин баары жаңы жылдан кийинки эс алууга кеткен. Ошого байланыштуу учурда региондордо жүрүшөт экен. Бүгүн ишибизди баштоо үчүн кеминде 46 депутат катышыш керек эле. Ошондуктан кезексиз жыйынды эртеңкиге калтырабыз”, — деди Мамытов.
Белгилей кетсек, ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен гана чечилет.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эгер кыргызстандык аскерлер Казакстанга жөнөтүлө турган болсо, акцияларга аралашпай тынчтыкты орнотуу иштерин гана жүргүзөрүн билдирген.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргыз өкмөтү Казакстанга ЖККУ алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди