Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы башаламандыктан улам теңгенин куну түшүп кетти

Салыштыруу үчүн башаламандыктарга чейинки статистиканы карап көрдүк.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Соңку күндөрү теңгенин курсу сомго карата арзандап кетти. Бул туурасында Valuta.kg порталы маалымдайт.
Сомго карата теңгенин курсу
Салыштыруу үчүн 31-декабрдан 6-январга чейинки (1-январдыкы кошулган жок, ал күнкү маалымат жазылган эмес) статистиканы карадык.
Анда теңгени сатуу баасы анчалык өзгөргөн эмес (0,2 сомдон 0,195 сомго чейин). Ал эми 4-январдан тарта сатып алуу курсу арзандай баштап, 0,175 сомго чейин түшкөн.
Белгилей кетсек, бул маалыматтар бир күнгө алынган орточо курс. Эгер валюта рыногундагы соңку кырдаалды карай турган болсок (саат 10:40 — 10:45), курс төмөндөгүдөй:
Сатып алуу — 0,15тен 0,19 сомго чейин;
Сатуу — 0,192ден 0,2 сомго чейин.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу болду.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана бишка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумган. Жабыркаган митингчилер тууралуу расмий маалымат айтыла элек.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы кырдаал Кыргызстанга кандай таасир этет? Эксперттин пикири