Садыр Жапаров Бишкектеги соода борборду кыдырып жүргөн видео тарады

Айрым ЖМКлар Жапаров күндөн коргоочу көз айнек сатып алганын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров Бишкектеги ГУМ соода борборуна барды. Бул туурасында сүрөт, видеолор аталган мекеменин Instagram баракчасына жарыяланды.
Анда мамлекет башчы бүгүн соода борборго келгени, эл жылуу маанайда учурашып, сүйлөшүп, сүрөткө түшкөнү жазылган.
Айрым ЖМКлар Жапаров ал жерден өзүнө күндөн коргоочу көз айнек сатып алганын жазды.
Зуулдап лыжа тепкен Садыр Жапаровдун туристтерди Кыргызстанга чакырган видеосу