Ошто автоунаадан сөөгү табылган аял. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Шектүү өлтүрүлгөн келин экинчи аялы экенин айтып, аны муунтканын моюндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда жубайын өлтүрүүгө шектелген кишиге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Эске салсак, 4-январда Бишкек — Ош жолунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаадан 31 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Ага чейин жолдо өтүп бара жаткан айдоочу жол инспекторлору менен "Шумкар" атайын багыттагы батальонунун кызматкерине анча алыс эмес жерде автоунаанын айдоочусу жүргүнчүнү урушуп жатканын айткан. Кызматкерлер окуя болгон жерге барары менен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа качып жөнөгөн. Артынан барып токтоткондо арткы орундуктан 31 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган. Айдоочусу кармалып, Кара-Суу райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Аширбаев шектүү өлтүрүлгөн келиндин күйөөсү экенин айтты.
"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө 39 жаштагы шектүү каза болгон Г.Т. анын экинчи аялы экенин айтып, экөөнүн ортосунда чыр 3-январда башталганын билдирген. 4-январь күнү аялын алып, өзүнүн автоунаасы менен Өзгөн шаарына барып, ал жактан кайра Ош шаарына келе жатып, Фуркат айылына жеткенде кайра уруша кеткенин айткан. Аялы автоунаадан түшүп аны кыш менен урганда келинчегин чаап, жерге жыгып, жоолугу менен муунткан. Жубайы кыймылдабай калганда автоунаанын арткы орундугуна жаткырып кетип баратканда милиция келгенин билдирген", — деди Аширбаев.
39 жаштагы айдоочуга адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иши башталып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Киргшелктогу үч аялдын өлүмү. Шек жараткандар акталды