Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргыз өкмөтү Казакстанга ЖККУ алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Жыйында финансы-экономикалык жаатты караган министрлерге банк системасы, азык-түлүк жана күйүүчү май коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмалары берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстандагы кырдаалдан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Ага ылайык, жыйындын жүрүшүндө коңшу мамлекеттеги коомдук-саясий кырдаал талкууланып, Жапаров кыргыз-казак чек арасындагы абал, Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу боюнча маалымат алды.

"Финансы-экономикалык жаатындагы министрлерге банк системасы, азык-түлүк жана отун коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу тапшырмалары берилди. Акылбек Жапаров ЖККУ менен өлкө башчынын чечимине ылайык Кыргызстан казак элине ЖККУнун алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Казакстандагы кырдаал боюнча чукул жыйын өтөрү айтылып, анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндамачы болору кошумчаланды. Мындан сырткары, Ташиев Казакстандагы окуялардын жүрүшүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүн штабын башкарары белгиленди.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанга аскерлер кимдин макулдугу менен жиберилет? Конституциядагы норма