БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстанда суюлтулган (автоунаага) газдын баасы 2-3 сомго арзандашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Азырынча баа эмненин эсебинен арзандай турганы так айтыла элек. Буга чейин автогазга суроо-талаптын өскөнү айтылып, ошол себептен баа өзгөрүүгө дуушар болгону белгиленген.
Мамлекеттик агенттик бааларга мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында Бишкекте суюлтулган газ болжол менен 36-37 сом экени маалым болгон.
"Кыргызстанга газ Россия менен Казакстандан импорттолот. Мындан тышкары, Армениядан, Өзбекстандан, АКШдан, Франциядан да анча көп эмес көлөмдө алып келинет. Кыргызстанда автогазга болгон баалардын өзгөрүүсү ушул мамлекеттерде дүң баанын өзгөрүүсүнө байланыштуу", — деп айтылат маалыматта.
2020-жылы импорттолгон газдын баасы 45 миң тоннаны түзсө, 2021-жылы 70 миңден ашкан. 2017-2019-жылдар аралыгында (пандемияга чейин) суюлтулган газ Чүй облусунун "Жунда" заводунда жылына 50 миң тоннага чейин өндүрүлчү.