Дем алышта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

Жуманын этегинде жана андан кийинки күндөрү көп аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок кээ бир жерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, 8-9-январда жана андан кийинки күндөрү көп аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок кээ бир жерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым региондордо секундасына 2-7 метрге, кээ бир жерлерде 4-9 метрге чейин жетет.

Чүйдө

Чүйдө 8-9-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Ишемби күнү абанын температурасы +3…+8, жекшембиде 0…+5 болот.

Талас

Талас облусунда дем алыш күндөрү ачык болот. Аба ырайы +5…+7 жана +2…+4 болору күтүлүүдө.

Ош

Облуста да жаан-чачын күтүлбөйт. Ишембиде +6…+8, жекшемби күнү +5…+7 градуска чейин жылыйт.

Жалал-Абад

Жаан-чачын жаабаганы менен туман түшүп, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Дем алыш күндөрү абанын температурасы +5…+7ге чейин жылыйт.

Баткен

Облус аймагында жаан-чачын болбойт, бирок туман түшөт. Ишембиде аба ырайы +6…+8, жекшембиде +4…+6 болмокчу.

Ысык-Көл

Облуста да дем алыш күндөрү кар жаабайт. Ишемби жана жекшемби күндүн температурасы +2…+7 жана +0…+5 болушу күтүлүүдө.

Нарын

Облуста 6-январдан тарта 12-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Аба ырайынын көрсөткүчү -7…-9 градус болот.

Бишкек

Борбор калаада дагы дем алышта күн ачык болору айтылды. Ишембиде +6…+8, жекшембиде +3…+5 градус болушу күтүлөт.
Аба ырайы 2022-жылы кандай болот? Климатологдун божомолу