БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. “Казактелеком” оператору өлкөнүн айрым региондоруна интернет берүүнү жандантты. Бул туурасында Sputnik Казакстан GlobalCheck сервисине таянуу менен билдирди.
Буга чейин аталган сервис Казакстандын бардык аймактарында интернет жана телефон байланышы жапырт өчүрүлгөнүн жазган. Бул жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:40та катталган.
Ошол убакыттан бери негизги ЖМКлар жана мамлекеттик органдардын сайттары иштебей жаткан.