Бишкекте биринчи жолу Борбор Азия өлкөлөрүнүн футзал боюнча чемпионаты өтөт

Таймашта жаштар командалары арасынан мыктылар тандалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкекте биринчи жолу Борбор Азия мамлекеттеринин футзал боюнча (19 жашка чейин) чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
CAFA U19 Futsal Championship турнири 9-18-февраль күндөрүнө белгиленген. Ага Борбордук Азиянын футбол ассоциациясынын курамына кирген командалар катышат.
19 жашка чейинкилерден куралган командалар аталган региондогу мыкты оюнчулар наамы үчүн ат салышмакчы.
Мындай турнирлер буга чейин Душанбе менен Ташкентте гана өтүп келген.
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги