Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Эксперт: ЖККУнун күчтөрүн киргизүү Казакстанды колдогон дипломатиялык мүнөзгө ээ

Адис Казакстанда бир нече курал-жарак саткан дүкөн, кампалар тонолгонун айтып, бул чоң коркунуч жаратарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентин Казакстанга киргизүү өлкөнүн суверенитетине коркунуч жаратпайт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигине Казакстандын Стратегиялык изилдөө институтунун директорунун орун басары, саясий илимдердин доктору Санат Кушкумбаев билдирген.
Казакстандын Стратегиялык изилдөө институтунун директорунун орун басары, саясий илимдердин доктору Санат Кушкумбаев. Архивдик сүрөт
"ЖККУнун күчтөрүн киргизүү — өнөктөш өлкөлөрдүн террордук операцияларга жардамы. Алар алдыңкы катарда болбойт. Жөн гана биздин күч түзүмдөрүнө тартипти иретке келтирүүгө жардам беришет. Мунун баары тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн жасалып жатат", — деди ал.
Эксперттин айтымында, ЖККУ күчтөрүн кырдаал курчуп кеткендиктен киргизүүдө. Кушкумбаев бандиттердин тобу региондо кайсы бир убакыт аралыгында акырындык менен чогулган деген божомолун билдирген.
"Алматыда даярданган согушкерлер жүрүшү мүмкүн деген божомол бар. Бирок анын баарын тергөө көрсөтөт. Азыр болжол менен 500дөй куралчан адам жүрөт. Бир нече курал-жарак саткан дүкөн, кампалар тонолду. Бул чоң коркунуч жаратат. Контртеррордук операция дал ушундай адамдарды кармоого багытталган. Мындай учурда ЖККУнун жардамы абдан керек", — деди Кушкумбаев.
Ал Алматынын аянтын жана башка жерлерди тазалоо иштерин Казакстандын ИИМи жана Коргоо министрликтеринин кызматкерлери жүргүзө турганын белгилеп, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн кириши өлкөнү колдоодо дипломатиялык мүнөзгө ээ экенин кошумчалаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматынын көчөлөрү тазаланууда, полиция 2 000дей адамды кармады. Видео