Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда ондогон адам жок кылынганы кабарланды

Полициянын өкүлү имараттарга чабуул койгон жарандарды "экстремисттик топ" деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түндө Алматыдагы полиция департаменттерине чабуул жасаган ондогон экстремисттер жок кылынды. Бул туурасында Sputnik Казакстан шаардык полиция департаментинин расмий өкүлү Салтанат Азирбекке таянуу менен жазды.
"Экстремисттик күчтөр полициянын шаардык, райондук башкармалыктарын жана бөлүмдөрүн басып алууга аракет кылды. Чабуул жасаган ондогон адам жок кылынды. Алардын өздүгү такталууда", — деди полициянын өкүлү.
Ал операция маалында өлтүрүлгөн адамдардын так санын атаган эмес.
Азыркы тапта Масанчи, Карасай, Жамбыл, Байтурсынов көчөлөрүндө жайгашкан административдик имараттарда антитеррористтик операция жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Эскерте кетсек, 5-январда түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана бишка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар. Бир катар банктар, дүкөндөр талап-тонолгон.
Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумган.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматынын аянтына атайын техникалар киргизилип атышуу башталды