БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, абалды турукташтыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Акорда кабарлады.
алгач социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү;
"Банкрот болгон жеке тараптар тууралуу" мыйзамды иштеп чыгуу;
коммуналдык тарифтерди көтөрүүгө 180 күнгө мораторий киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
калктын аялуу катмары үчүн батирлердин ижара баасын субсидиялоо маселесин карап чыгуу;
"Казакстан элине" аттуу коомдук фонд түзүп, саламаттык сактоо жана балдар көйгөйүн чечүү. Аны мамлекет жана жеке тараптар каржылайт.
Мындан тышкары, Алматы шаарында абал кандай экени айтылды. Калаадагы эл аралык аэропорт штаттык режимде иш алып барууда. Анткен менен Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, учурда Алматыда коомдук транспорт, такси жана интернет иштебей жатат.
Казакстандагы окуялар
Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышкан, бирок алар көчө аралап жүрүштү.
Ошол учурда президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды.