Россияда грипп жана коронавируска бирдей жарачу вакцина сыналганы турат

Александр Гинцбургдун айтымында, келерки жылы грипп менен коронавируска каршы иштөөчү препарат каалоочулар үчүн жеткиликтүү болуп калат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору балдарды сасык тумоо менен коронавирустан бирдей коргой турган вакцинаны клиникалык текшерүүдөн өткөргөнү жатат. Бул тууралуу борбордун директору Александр Гинцбургга шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Менимче, эмдиги жылы бул вакцина бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болуп калат. Белгилей кетсем, аны өз ыктыяры менен каалоочулар гана алышат. Эч ким мажбурланбайт", — деди Гинцбург.
Аталган борбор буга чейин COVID-19ду алдын алуу үчүн бир нече вакцина иштеп чыккан. Тагыраагы, дүйнөнүн 70 өлкөсү таанып, эффективдүү жана коопсуз деп баа берген "Спутник V" вакцинасы. Экинчиси — кайталап эмдөө үчүн колдонулуучу "Спутник Лайт" прапараты жана өспүрүмдөр үчүн "Спутник М" эмдөө каражаты.
Радио
Акымбаева: бала убагында эмдөөдөн өтсө, жугуштуу илдеттерден корголгон болот