Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖМК: митингчилер Алматы аэропортун басып алышты

Митингчилер аэропортту басып алган соң кызматкерлер эвакуацияланып жатканы айтылууда. Бирок маалымат расмий тастыктала элек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы маалымдады.
“Митингчилер аэропортту басып алышты. Учурда кызматкерлер эвакуацияланып жатат”, — деп айтылат кабарда.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган.
5-январь күнү түштөн кийин митингчилер басып алган алгачкы имараттардын бири Алматыдагы акимчилик болду.
Токаевдин казак элине экинчи ирет кайрылуусунун урунттуу учурлары